Соцобъектилердин салынышына бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлүнөт

Кечээ, 26-мартта, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Капиталдык каржылоо" беренесинин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен курулуш объектилерин каржылоо маселесин козгоп, иш жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Премьер-министр быйыл капиталдык каржылоого 2 млрд 400 млн сом каралгандыгын белгиледи. Былтыркы жылы капкаржылоого 2 млрд сом каралган.

"Быйылкы жылы 178 социалдык, ирригациялык жана инфраструктуралык объект какржыланат. 1-сентябрга чейин өлкө боюнча 63 мектеп, 15 саламаттыкты сактоо объектиси эксплуатацияга берилиши керек. Окуу жылынын башталышына чейин республика боюнча авариялык абалда же палата мектептери такыр калбашы керек. Эгер республикалык бюджеттин киреше бөлүгү өсө турган болсо, "Капиталдык каржылоо" беренесине бөлүнгөн сумма да көбөйөт", - деди Сатыбалдиев.

Андан тышкары, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди салуу пландалууда, анын ичинде Баткен облусундагы чек арага жакын райондорду таза суу системасы менен камсыздоо жана Лейлек районунда көпүрөлөрдү куруу. Нарын облусундагы башкы суутосмосун кайра оңдоо жана облус центриндеги сууну тазартуучу системаларды калыбына келтирүү. Чолпон –Ата шаарында да суу тазартуучу систамаларды куруу жана Көкө-Мерен дарысында көпүрө салуу. Ошондой эле Түп – Көгөн, Айгүл-Таш – Согмент – Таян автожолдорун оңдоо да планга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД