ЖРТнин суроолору мектеп программасына ылайыкташкан эмес

"Жалпы республикалык тестирлөөдөгү суроолор окуучулардын мектеп программасынын алкагында алган билимине туура келбейт", - деп бүгүн, 27-мартта, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, ЖРТ эл аралык уюмдун демилгеси менен америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражатына өткөрүлүп келет. "Жалпы республикалык тестирлөө АКШда ийгиликтүү иш жүргүзүп келет. Анын өткөрүү иш-чарасында кынтык жок. Бирок ЖРТ тесттериндеги суроолор мектеп программасына дал келбегендигине нааразычылыктар абдан көп. Бул тууралуу студенттер өздөрү да айтып жатышат", - деди Бекешев.

КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкина да Бекешевди колдоду. "Бул тесттер биздин билим берүү системасына ылайыкташкан эмес. Биздин окуучулар текшерүү ишин жазышат, ал эми ЖРТда тест тапшырышат", - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД