"Бешинчи канал" апрель окуялары боюнча сот ишин туура эмес чагылдырат

Бүгүн, 27-марта, 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча сот отурумунда Мурат Суталиновдун жактоочусу Дастан уулу Улан "Бешинчи каналга" процесске аккредитация бербөөнү суранды.

Анын айтымында, кечээ "телеканалдын журналисттери 7-апрель окуялары боюнча сюжеттеги маалыматты бурмалап, алдын ала жыйынтык чыгарып салышкан". "ЖМКлар факты гана бериши керек", - деп шектүүлөрдүн дагы бир жактоочусу Любовь Иванова айтты.

Сот Дамир Оңолбеков, бул маселени 1-апрель дүйшөмбүгө чейин калтыруу керектигин айтты. Анда сот процессине каналдын өкүлү да катышат. "ЖМК алдын ала тыянак чыгарып, бир тараптуу жактоосу туура эмес", -деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД