Билим берүү министрлигинин алдында тестирлөө борборун ачууну сунушташты

Бүгүн, 27-мартта, парламенттин отурумунда депутаттар Билим берүү жана илим министрлиги алдында ЖРТни өткөрүү үчүн тестирлөө борборун ачууну сунушташты.

Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн арасында ЖОЖдорго тапшыруу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнү жеке компаниялардын көзөмөлү астында өткөрүүнүн кажети барбы деген суроо салышты. Алар жалаң гранттын эсебинен иш алып барышат. "Бул иш чарага жылына 20 млн сом коротулат. Кандай негизде – түшүнүксүз. Менин оюм боюнча, министрликтин алдында тестирлөөнүн улуттук борборун ачуу зарыл", - деди КСДП фракциясынан депутат Гүлмира Жымгырчиева.

Ага Ыргал Кадыралиева да кошулду. Ал тапшыруу экзамендердин мурунку системасына кайтып келүү керек деген пикирин да билдирди.

Билим берүү министри Канат Садыков, ЖРТни эч ким жокко чыгара албайт деди. "Бул болочок студенттерди ЖОЖдорго тандоодогу анткоррупциялык долбоор катары каралып келген", - деп баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД