Президент ОБСЕнин жетекчиси менен жолугушту

Кечээ, 27-мартта, президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги ОБСЕнин жетекчиси Сергей Капиносту кабыл алды. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

"Биз ОБСЕ менен кызматташуубузду дагы бекемдейбиз деген терең ишеничтемин. Мындан ары да Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө өз салымыңарды кошуп келесиңер деген үмүтүм чоң. Биз бирге демократиялык коомду курабыз", - деди Атамбаев.

Капинос ОБСЕ Кыргызстанга социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө активдүү жардам берерин билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын укук коргоо органдарындагы жүргүзүлгөн реформаны колдоо программасынын ийгилигин белгилеп, ОБСЕде антитеррористик коопсуздукту камсыздоо долбоорунун бар экенин кошумчалады.

Мурда билдирилгендей, Сергей Капинос бул кызматка 2012-жылдын октябрь айында дайындалган. Бул анын Кыргызстандын президенти менен болгон алгачкы жолугушуусу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД