Мирослав Енча: БУУ Кыргызстандын өнүгүүсүнө жардам берет

Кечээ, 27-мартта, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев БУУнун генералдык катчысынын атайын өкүлү, Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатия боюнча БУУнун регионалдык борборунун жетекчиси Мирослав Енча менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Алдыбызда ИДПны быйылкы жылы 8% өсүүсүн камсыздоо маселеси турат. Эки айдын жыйынтыгы менен биз 8% ИДПни камсыздай алдык. Саясий туруктуулук болсо, алдыга коюлган максаттарга жетүү алыстагы кыял эмес, андан тышкары, өлкөнүн экономикасын диверсификация боюнча долбоорлорду да аягына чыгарууга мыкты мүмүкүнчүлүк түзүлөт", - деди Сатыбалдиев.

Енча жергиликтүү башкаруу жана этно аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жана элдин биримдигин бекемдөө концепциясынын кабыл алынышын жогору баалаганын билдирди.

БУУнун генералдык катчысынын атайын өкүлү, Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатия боюнча БУУнун регионалдык борборунун жетекчиси, БУУ Кыргызстандын өнүгүүсүнө, анын ичинде мамкызматтын иш алып баруусунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу концепциясын иштеп чыгууга көмөктөшөөрүн кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД