Универсиада-2013: экинчи лигада ОшМу алдыда

Республикалык Универсиада-2013 экинчи лигасындагы командалардын ичинен Ош мамлекеттик университети алдыда. Бул тууралуу "ВБ"га калыстар корпусунан кабарлашты.

Алардын берген маалыматына ылайык, экинчи лигадагы командалар ортосундагы шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол боюнча мырзалар жана айымдар арасындагы турнирлер аяктады. Мелдештин жыйынтыгы боюнча ОшМунун командасы бардык беттешүүлөрдө алдыңкы орунду ээлеп, лидерликке жетишти.

2-орунда Президент алдындагы башкаруу академиясы, 3-орунда Ысык-Көл университети.

Эске салсак, Бишкекте жогорку окуу жайлардын командалары арасында Универсиада өтүп жатат. Университеттердин курама командалары эки лигага бөлүнгөн. Экинчи лигада 18 команда катышып, спорттун 15 түрүндө күч сынашып жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД