Кыргызстанда эң чоң түстүү журнал чыгарылат

Кыргызстанда 1000 беттик журнал чыгат, ошону менен Гиннесстин жаңы рекордун аныкташат. Бүгүнкү күнгө чейин бул рекорд Vogue журналына таандык болуп келген. 2012-жылы басманын 120 жылдыгына арнап, 916 беттик номур чыккан.

"Биз бул жетишкендикти ашып түшүп, Кыргызстандын атагын чыгаргыбыз келип турат, - дейт журналдын жетекчиси Ширин Дубанаева. – Биздин басылма "Сонун" деп аталат. Бул чыныгы коомдук журнал болот, анын ар бир бети кишилерге арналат. Басылманын өзгөчөлүгү – ар бир каалоочу да өз материалын жайгаштырганга мүмүкүнчүлүк болот. Сүрөт, ыр, проза, кызыктуу аңгеме, эскерүү жана албетте сүрөт жайгаштырылат."

Журнал жылына бир эле жолу 2000 нускада чыгат. Ал бекер китепканаларга жана өз материалдарын берген адамдарга таратылат. Журналдын электрондук версиясы карала элек. Анын алгачкы саны ушу жайда жарык көрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД