Мэр Тербишалиев менен соттошпойт

Бишкектин мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 28-мартта, журналисттер менен жолугушуу учурунда парламенттин депутаты Данияр Тербишалиевдин сейил бак зонасындагы жер тилкелерин мыйзамсыз саткан деген айыптоосун негизсиз деп атады.

Анын айтымында, Ататүрк сейил багындагы мурда берилген жер тилкелер кайрадан кайтарылган. "5 кв. км территория кайра кайтарылды. Кара-Жыгач багындагы жер тилкелеринин мыйзамсыз сатылуусу боюнча кылмыш иши козголгон", - деди шаар жетекчиси.

Бирок мэр депутатты сотко бербейм деп билдирди. "Ал үчүн менин убакытым өтө тар", - деп сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, бүгүн Тербишалиевдин айыптоосун Бишкек мэриясы жокко чыгарды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД