Баскетбол: "Токмок" окуучулар арасындагы Федерация кубогун жеңип чыкты

Кыргызстандын президентинин иштерин башкаруу спорткомплексинде, мектеп окуучулары арасындагы Федерация кубогунун соңку этапы болуп өттү.

Кыргызстандын Баскетбол федерациясы билдиргендей, турнирдин негизги максаты баскетбол оюнун жайылтуу жана мектеп окуучуларын Республикалык cпартакиадага даярдоо.

Федерация кубогунун алкагында алдын ала үч тур өттү. Эң күчтүү командалар финалдык турга чыгышты. Финалдык турга беш команда чыгып, алар ич ара айлампа системасы боюнча ойношту.

Үч күндүк мелдештин жыйынтыгында 1-орунду "Токмок" командасы, экинчи орунду Бишкектин баскетболчулары "Динамо" жана колону Оштон келген команда алып кетти.

Мектеп окуучулар арасындагы Федерация кубогунун башкы калысы – Эмиль Кадыралиев болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД