ӨКМ: Өзгөчө кырдаалдардын айынан 30-35 млн доллар чыгаша тартабыз

Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын айынан жылына 30-35 миллион доллар чыгаша тартабыз. Мындай маалымат бүгүн, 29-мартта, "Республика" фракциясынын отурумундагы ӨКМнин таратылуучу баракчаларында жазылган.

Республикачылар өздөрүнүн фракциялык отурумунда чукул кырдаалдардын Кыргыз Республикасына тийгизген залакасы тууралуу талкуулашты.

Документте, ӨК ликвидациялоого же алдын ала айтууга мамлекеттик бюджеттен 6 млн доллар бөлүнгөндүгү айтылат. "Кыргызстандын аймагында жылына 200 жакын чукул кырдаалдар катталат. Бирок 1995-жылга чейин бул көрсөткүч 130-150дөн жогору болчу эмес", - деп таратылган баракчаларда жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД