Ташиев: Атамбаевден кечирим сура деп кыйнашты

Бүгүн, 29-мартта, сот процесси учурунда "Ата Журт" фракциясынан депутат Ташиев өзүнүн акыркы сөзүн сүйлөп жатып, бийлик андан кечирим суроону талап кылды деп айтты.

Анын айтымында, ага бир нече жолу келишип, президенттен кечирим сураса "дароо эркиндикке чыгаарын" айтып жатышты. "Бирок мен макул болгон жокмун, себеби, күнөөлүү эмесмин. Мага камерага премьер-министр келген, спикер төрт жолу жана Текебаев менен Атаханов эки жолудан келишкен", - деп Ташиев билдирди.

Депутат, эгер бийлик бүгүн адилет чечим чыгарбаса, анда өзүнүн тарапкерлерине ал жана анын партиялаштары үчүн "чындыкты издегиле" деп тапшырма берерин белгиледи.

"Бийлик мени көпкө кордоду, мени психикалык жактан соо эмес кылууга да аракеттенди, ЖМК аркылуу узак убакыттан бери жаман атты кылып келди. Актанууга да мүмкүнчүлүк берген жок. Биз эч убакта чегинбейбиз жана чындыкты гана издейбиз", - деди депутат.

Ташиевдин пикири боюнча, сот процесси оппозицияны коркутуу максатында көргөзмө катары өтүп жатты. Алар Жылдызкан Жолдошева, Акматбек Келдибеков жана Мыктыбек Абдылдаевдин оозун жапканга аракет жасашты.

Соңунда Ташиев Адылбек Субанкуловго кайрылып, адилет чечим чыгаруусун өтүндү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД