Ийгилик үчүн футбол курама командасына 5 миң доллар берилет

АФК чакыруу кубогунун тандап алуу этабында Кыргызстандын курама командасы жеңип чыкты. Бул ийгилиги үчүн Футбол федерациясы курама командага 5 миң долларлык премия берди. Бул тууралуу Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов маалымдады.

Анын айтымында, башкы машыктыруучу ар бир оюнчунун ойногонуна жараша бөлүштүрөт. "Биз кийлигишпейбиз, себеби, машыктыруучу кимдин кандай ойногонун бизге караганда жакшы билет. Берилген каражат символикалуу түрдө гана. Азырынча биздин дараметибиз ушуга эле жетип жатат", - деди Султанов.

Эске салсак, Бишкекте 17нен 21не чейин АФК чакыруу кубогунун тандоо турниринин В группасынын оюндары болуп өттү. Группада Кыргызстандан тышкары Таджикистан, Пакистан жана Макао ойноду. Кыргызстан үч беттешүүнү тең 1:0 эсеби менен ойноп, кубоктун финалдык раундуна чыкты. Ал Мальдивыда 2014-жылы өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД