КСДПнин депутаты күнөлүүлөрдү жазалоону талап кылып жатат

Бүгүн, 29-мартта, пресс-конференция учурунда КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев, сейил бак зонасындагы жер тилкелерин мыйзамсыз саткан жана ошого тиешеси бар чиновниктерди жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Анын айтымында, мыйзам боюнча сейил бак зонасында курулуш иштерин жүргүзүүгө тыйуу салынганына карабастан, бак-дарактардын ордунда особняктар көбөйүп барат.

"Буга тиешелүү чиновниктердин баардыгы жоопко тартылышы абзел. Мэр өзүнүн саясий абийирине карап иш жасашы керек, ал эми шардык кеңештин депутаттары анын ишмердигине баа беришсин", - деди парламентарий.

"Менин айткан ар бир сөзүмдүн кагаз түрүндө далили бар. Алар депутаттык комиссиянын корутундусу жана эксперттер тарабынан тастыкталган", - деп сөзүн Тербишалиев бүтүрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД