Мушташ учурунда алтынчы класстын окуучусу бычактан жаракат алган

17-мартта борбордогу №72 мектептин алтынчы классынын окуучу кыздары мушташа кетишкен. Анын натыйжасында бирөөсү бычактан жаракат алган. Бул маалыматты бүгүн, 29-мартта, аталган мектептин завучу Раушан Каримова жарым-жартылай тастыктады.

Анын айтымында, ошол күнү Джал кичи районунда, мектептин территориясынан сырткары жерде, кечкисин үч кыз мушташа кетишкен. "Окуя кечкисин сабактан кийин болгон. Мушташ деле болгон жок. Болгону бир кыз экинчисин түртүп жиберсе, ал бөтөлкөнүн сыныктарына барып жыгылыптыр. Натыйжасында катуу деле жаракат албастан бир жерин кокустатып алыптыр. Азыр ал өзүн жакшы эле сезип жүрөт", - деди.

Бирок жаракат алган кыздын энесинин айтымында, анын кызы мушташ учурунда бычактан жарадар болуп, учурда больницада жатат. Милиционерлер алардан арыз алгандан баш тартып, кыздардын жашы жете элек өспүрүмдөр экенине шылтап коюшкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД