"Ак үйдүн алдында" жүк ташуучу унаа айдоочулардын митинги өттү

Бүгүн, 29-мартта, "Ак үйдүн" алдындагы антта жүк ташуучу унаа айдочуларынын митинги өтүп, анда 50 жакын адам катышты. Алардын талабы болуп, салмагы 44 тоннадан ашкан ири кытай жүк ташуучу унааларын киргизүүгө тыйуу салуу.

"Тапшырык ээлерине уруксат берилген лимиттен ашкан 44 тонналык жүк ташуучу фуралар менен товар жеткиргенден көбүрөөк пайда көрүшөт. Ал эми биз заказы жок калып жатабыз. Биз Транспорт жана коммункация министрлиги чек арадагы көзөмөлүн күчөтүүсүн талап кылып жатабыз", - деп митингдин катышуучуларынын бири айтты.

Бул фура айдоочулардын алгачкы пикети эместигин белгилей кетүү зарыл. Ушул эле жылдын 16-январында, жогорудагы талаптары менен аянтка чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД