Дастан Бекешев мектеп программасын кыскарткандыгы үчүн өкмөттү сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 29-мартта, социалдык тармактарда "Билим берүү тармагындагы абал тууралуу" деген парламентке кайрылуусун таркатты.

"Ар бир жетекчи, президент, депутат, министр жана башкалар, биздин мамлекеттин негизги ресурсу бул билим берүү болуусу керектигин түшүнүүсү керек. Алтын, энергетика жана жаратылыш байлыктары биздин өлкөнү өнүктүрө албайт, себеби аны ирээттүү жана акылың менен пайдалана билүү зарыл. Ал эми билимдүү киши гана баардыгын жакшы башкара алат", - деп депутаттын кайрылуусунда жазылган.

Бекешев билим берүүгө басым жасап, жогорку адистиги бар кадрларды даярдагандын ордуна, билим берүү тармагын каржылоону болушунча кыскартып келет. Эртели-кеч мамлекетти башкарууну жаш муун өз колуна аларын депутат эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД