Vefa соода борборунун территориясында антисанитардык абал

Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери Vefa соода борбору жана "НЭО" техкызмат көрсөтүү станциясынын территориясында тазалыктын сакталбагандыгын катташкан. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Соода борборунун аймагында тиричилик жана курулуш таштандылар жыйналып, батыш тарабында жыйноо иштери такыр жүргүзүлбөй, территория антисанитардык абалда экени аныкталган.

Билдирүүдө протоколдор түзүлүп, Биринчи май райондук администрациянын комиссиясына жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД