Kыргызстандык 8 өспүрүм оор атлетчи лицензиялуу дүйнө чемпионатына аттанышат

Kыргызстандык 8 оор атлетчи өспүрүмдөр арасында өтүүчү лицензиялуу дүйнө чемпионатына аттанышат. Бул тууралуу "ВБ"га оор атлетика Федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Анын айтымында, команданын курамына ар кандай салмак категориясындагы 8 оор атлетчи кирет. "Бул чемпионат команда аралык болгондуктан курама команданын 2- өспүрүмдөр аралык олимпиадалык оюндарда лицензияны утуп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Оюн 2014-жылы болот",- деди Молдодосов.

Дүйнөлүк чемпионатка Искендер Самат улуу, Сыргак Бекжанов, Давлет Майназаров, Манас Стамалиев, Рустам Тажидинов, Аскат Анадин уулу, Талгат Разидинов жана Бексултан Аматов катышмакчы. Команданы өспүрүмдөр курама командасынын ага машыктыруучусу Элдияр Шатманов жетектеп барат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД