Генпрокуратура "өтө жумшак" сот өкүмүнө нааразы

Генералдык прокуратура Биринчи май сотунун "Ата Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата чыгарган өкүмүнө макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотко аппеляциялык арыз жазаарын билдирди. Бул тууралуу КТРК каналында мамлекеттик күнөлөөнү колдоо жана Генпрокуратуранын соттордогу өкүлчүлүгү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Кулжабаев жар салды.

"Сот өкүмү өтө жумшак. Биздин пикир боюнча 3-октябрда "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары тарабынан жасалган кылмыш, оор кылмыштардын катарына кирет. Ошого байланыштуу 10 күн ичинде экинчи инстанцияга кайрылып, сот өкүмүнө макул эместигибизди билдиребиз", - деди Кулжабаев.

Эске салсак, 29-мартта, Биринчи май райондук соту депутат Ташиев жана Жапаровдорду "Бийликти күчкө салып, басып алуу жана басып алып кармоо" беренесинин негизинде бир жана жарым жылга эркнинен бошотуу чечимин чыгарган. Бирок Ташиев жана анын жактоочусу буга макул эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД