Бишкекте жетимдерди колдоо максатында кайрымдуулук футбол турнири уюштурулат

6-7-апрелде, Бишкекте жетимдерге колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук чакан футбол турнири уюштурулат. Аталган иш-чара мамлекеттик мекемелер, ЖМК, бейөкмөт уюмдар арасында өткөрүлөт. Бул тууралуу "ВБ"га "Ар-Намыс" фракциясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук иш чара Төлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Жалпысынан 12 команда катышуусу пландалууда. Алардын арасынан бир команда КР ЖКнын депутаттарынан куралмакчы. Мелдешке катыша турган ар бир команда 5 миң сомдон чыгарышы шарт. Топтолгон акча каражаты Чүй облусундагы ымыркайлар үйүнүн материалдык-техникалык жана чарбалык базасын оңдоого жумшалмакчы.

Аталган демилгени Жогорку Кенештин "Ырыс алды-ынтымак" көпчүлүк коалициясы көтөрүп чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД