Бүгүн борбор калаанын айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бүгүн, 1-апрелде, саат 9дан кечки саат 17ге чейин борбор калаанын айрым аймактарында (Средняя жана Монгол көчөлөрүндө) электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Ал эми саат 10дон саат 15ке чейин "Тынчтык" конушунда электр жарыгы өчүрүлөт. Ощондой эле, саат 9дан 17ге дейре Жайыл районуна караштуу Алексеевка айылында жана Кара-Балта шаарында (Бейшеналиева жана Ленин көчөлөрүндө) электр энергиясы өчүрүлөт.

Эске салсак, "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ААК жана "Түндүкэлектр" ААК биргеликте, жогорку чыңалуудагы подстанцияларда оңдоо түздөө иштерин жүргүзүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД