Бишкекте "Ак бас!" экшн-тасмасынын бет ачары болот

Бишкекте "Ак бас!" экшн-тасмасынын бет ачары болот. Толук метраждуу фильм режиссерлор Айсстрбай, Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулуна таандык.

Аталган тасма алгачкы жолу 3 режиссердун бирге жасаган эмгегинин натыйжасында жарыкка чыкты. 4-апрелде тасма чакан аудитория үчүн жабык түрдө көрсөтүлөт. 5-апрелде "Манас" кинотеатрында бет ачары болот. Режиссерлордун айтымында, "Ак бас!" Нарын, Ош жана башка шаарлардын калкына да көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле Орусия, Түштүк Корея жана Бириккен Араб Эмиратында жашап жаткан кыргызстандыктарга да тартууланмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД