Жактоочу: Ташиевге өкүм чыгаруу менен аны саясий аренадан алууну каалашууда

"Эгерде Биринчи Май райондук сот чечимин күчүндө калтырса, Ташиев депутаттык мандатынан ажырап, президенттикке талапкер боло албай калат" деп 31-мартта жактоочу Икрамидин Айткулов "ВБ" га билдирди.

Анын айтымында, мындан ары Ташиев соттолуп чыккан деген айып менен депутаттыкка жана президенттикке талапкер боло албай калат. Ошондой эле мамлекеттик структурада иштөө укугунан ажырайт. "Сот мындай чечим кабыл алуу менен саясий тапшырыкты аткарды. Бийлик өкүлдөрү бул жол менен Ташиевди саясий оппонент катары ликвидациялап, саясий аренадан алып салууну максат кылышууда", деди жактоочу.

Анын айтымында, сот Ташиевди "Бийликти күч колдонуп басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, бир жыл алты айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Жактоочунун маалыматына караганда, соттун чечими чындыкка дал келбейт. "Аталган берене боюнча 12 жыл эркинен ажыратуу чечими берилиши керек. Бирок, Ташиевге болгону бир жарым жыл беришти. Демек, муну менен алар аны депутаттык мандатынан гана ажыратууну каалашкан. Соттун чечими мыйзамга каршы келет", деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД