Эрлан Абдылдаев Казакстандын ТИМ жетекчиси менен жолукту

29-мартта Дүйшөмбүдө Азиядагы кызматташуу диалогунун алкагында (АКД) ага мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 11-жыйыны болуп, анда КРдин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Казакстандын тышкы саясат ведомствосунун жетекчиси Ерлан Идрисов экөөнүн эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат, басмасөз жана маданиятты башкаруу бөлүмү кабарлайт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу боюнча актуалдуу жана перспективдүү маселелер тууралуу пикир алмашышты.

Ошондой эле тараптар эки өлкөдө тең өткөрүлө турган иш-чараларга даярдык боюнча да маалымат алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД