Салык декларациясын тапшырууну жетишпей калгандар айып пул төлөшөт

Бүгүн, 1-апрелде, физикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Жетишпей калгандар бүгүн кечке чейин декларация тапшырышса болот.

Бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөөчүлөр), менчигинде салык төлөнүүчү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү бар физикалык жактар, анын ичинде жер участогу, дыйканчылык жана фермерлик чарбасы барлар, юридикалык жакты түзбөстөн ишмердүүлүк кылып жүргөндөр.

Эртеңки күндөн тартып, Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандарга айып пул салынат. Физикалык жак үчүн административдик штраф 2 миң сом түзөөрүн МСК эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД