Шектүү желим баштык жарылып, участкалык милиционердин билегин жулуп кетти

"Ак-Өргө" жаңы конушундагы жардыруудан участкалык милиционердин колун жулуп кетти. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, инспектор милиция бөлүмүндөгү шектүү ак желим баштыкты ачып караган. Баштык жарылып, 1981-жылы туулган милиция офицери оор жаракат алган. Жардыруунун натыйжасында офицердин билеги жулунуп кеткен.

Жабырлануучунун өзүнөн сураганга мүмкүн болгон жок. Себеби, ал реанимациялык бөлүмдө, жана ээсине дале келе элек.

Иликтөө иши башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД