Талап-тонолгон "Кочкорка" заводун элге беришти

Кочкор районунун Семизбел айыл өкмөтүнүн депутаттары "Кочкорка" асыл тукум заводунун карамагындагы 248 гектар жерди жергиликтүү калкка берүүнү чечишти. Бул тууралуу пресс-тур учурунда журналисттерге Семизбел айыл кеңешинин жетекчиси Медетбек Муканбетов маалымдады.

Анын айтымында, бул мекеме үч жылдан бери ишсиз турат. Себеби, эки революциядан кийин асыл тукум, бодо мал таланып, натыйжасында ишканага 22 млн сомго зыян келтирилген.

"Бүгүнкү күндө заводдун Соцфондко карызы 4 млн сом. Ушул себепке байланыштуу, биз заводдун жерлерин жергиликтүү калкка беш жыл иштетүүгө бергенге аргасыз болуп жатабыз. Алар өз кезегинде соцфондко салык жана төлөмдөрүн төлөп турат. Жер мамлекеттик ишкананын карамагында турганына байланыштуу, аны ижарага берүүгө акыбыз жок. Бул мекеме боюнча мамлекет чечим кабыл алышы керек", деди Муканбетов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД