"Ала-Тоо" регионалдык КВН лигасынын ачылышына Масляков катышат

"Ала-Тоо" расмий регионалдык КВН лигасынын ачылышы 3-апрелде, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтөт. Бул Кыргызстандагы расмий статусун алган биринчи КВН лигасы. Мындай сүйүнчү "Азия MIX" командасына Сочидеги фестиваль учурунда айтылган.

Ачылыш аземинин жана фестивалдын өзүнүн алып баруучусу кичүү Александр Масляков болот. Мурдараак "Ала-Тоо" КВН лигасынын редактору жана президенит Элдияр Кененсаров экинчи Александр Масляков бардык эле оюндарга катыша бербестигин эскерткен. Бирок, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ал макулдугун берген.

"Расмий лиганын ачылышы биз үчүн чоң ийгилик. Эми Кыргызстан менен КВН дүйнөсүндө эсептеше башташат, жана жаштарга жогорку лигага чыгуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп жатабыз", - деди Кененсаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД