Апрель окуяларынан жабыркаган айым өзүнүн жашын жашырган

2010-жылы апрель окуяларынан жабыркаган Зарема Чаримова медициналык экспертизадан өтүп, андан кийинки сурак учурунда 1986-жылы туулгандыгын айткан. Бирок анын паспортунда 1984-жылы туулагандыгы жазылып турат. Бул факт бүгүн, 1-апрелде, апрель окуялары боюнча сот иши жүрүп жаткан маалда белгилүү болду.

УКМКнын "А" атайын операциялар башкармалыгынын кызматкерлерин жактоочу Дастан уулу Уландын эмне себептен өз жашыңарды жашырдыңар деген суроосуна, Чаримова "мен шок абалында элем", деп жооп берди. Жактоочунун айтымында, ошол күндөрү көпчүлүк катышуучулар, аларды кийин табуу мүмкүн болбош үчүн туура эмес маалымат берип жатышкан.

Жабырлануучу Чаримова өзүнүн көрсөтмөлөрүндө, 7-апрелде "Ак үй" тараптан ок атылып жатканын көргөнүн айтып, анын чатырында маскачан адамдарды көргөнүн кошумчалады. Буга Дастан уулу каршылыгын билдирип, ал сурак учурунда "Ак үйдүн" чатырындагы маскачан адамдар тууралуу такыр эч нерсе айтпаганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД