Парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков Ирандын жаңы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 1-апрелде, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков Кыргызстандагы Ирандын элчиси Али Наджафи Хошруди менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин басмасөз кызматы билдирет.

Жээнбеков элчини анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуунун мындан ары да ийгиликтүү өнүгүшүнө үмүт артаарын билдирди.

Эки тараптын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, келечекте соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун көлөмүн чоңойтуу зарылдыгын билдирди. Өзгөчө, энергетика, айыл чарба жана анын продукциясын кайра иштетүү, медицина, туризм жана металлургия тармактарында долбоорлордун бар экендигин кошумчалады.

Кыргызстан облустарынын Иран аймактары менен да кызматташуусу керектигин айтышып, Ош облусу менен Хорасан-Резави провинциясын мисалга келтиришти.

Андан тышкары, эки тараптуу визалык режимин жеңилдетүү маселеси да козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД