Алмаз Кененбаев шахмат федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды

КСДП фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев шахмат федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу федерациянын президенти Милан Турпанов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, федерацияга вице-президент болуп Бакыт Өмүрзаков дагы шайланды. Ошондой эле башкы катчылыкка Талант Мамытов дайындалды.

Мындан тышкары федерациянын президентинин кеңешчиси болуп, шаардык шахмат-шашки ассоциациясынын башчысы Дамил Токтогонов шайланды. Эске салсак, ушул жылдын февраль айында, Турпанов Кыргыз шахмат федерациясынын президенти болуп 1 жылдык мөөнөткө дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД