Миң-Кушта жер көчкүнүн кесепетинен кийин калыбына келтирүү иштери уланууда

Кечээ, 1-апрелде, КР премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда болгон жер көчкүнүн кесепетин жоюу боюнча атайын жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Буга чейин маалым болгондой, жаратылыш кырсыгынын натыйжасында, Миң-Куш, Кызыл-Сөөк, Сары-Булуң, Кызыл-Коргон, Табылгыты, Кең-Суу, Арал, Котур-Суу калктуу пункттары электр жарыгы жок калышкан. Өкмөттүн Нарын облусу боюнча толук ыйгарымдуу өкүлү Канатбек Муратбеков билдиргендей, окуя болгон аймактарда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Энергетика жана өндүрүш министри Автандил Калмамбетовдун маалыматына караганда, жарактан чыккан электр тирөөчтөрдү жана электр зымдарын толук кандуу ишке бергенге чейин адистер убактылуу альтернативдик электр энергиясын берүүнү улантышууда.

Кечээ, 1-апрелде, КР ӨКМ менен энергетика жана өндүрүш министрлигинин башчылары Миң-Кушка абал менен жакындан таанышууга жөнөп кетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД