Жалал-Абадда тергөө абагы жоктугунан соттолгондор айлап-жылдап РИИБде кармалат

"Эгерде жеткиликтүү кошумча 20 млн сом табылса, Жалал-Абат облусуна 67 орундуу тергөө абагын ушул жылдын аягына чейин тургузса болот. Азырынча курулуш иштери токтоп турат" деп "ВБ"га мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө ОБСЕнин жардамы менен Жалал-Абад облусундагы №10 түзөтүү колониясынын базасында тергөө абагынын курулушу жүрүп жатат. Маалыматка караганда, аталган облуста тергөө абагынын жоктугу иштин жүрүшүнө кыйынчылыктарды жаратууда. Эң жакын делген тергөө абагы Ош облусунда жайгашкан. Мындан улам, соттолгон жарандарды райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына кармоого туура келүүдө. Мындай көрүнүш алыскы делген Чаткал, Ноокен, Токтогул жана башка райондордо кездешет.

Жалал-Абад облусунун укук коргоочуларынын айтымында, тергөөдөгү соттолгон адамды Токтогул РИИБнын убактылуу кармоочу жайында 2 жарым жыл кармашкан жагдайлар болгон. Мыйзам боюнча жаранды кармагандан 2 күндөн кийин тергөө абагына алып барышы керек, дешет алар.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунан башка Баткен жана Талас облустарында тергөө абактары жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД