КР ИИМдин башчысы түрк улуттук полициясынын өкүлү менен жолугушту

29-мартта КР ички иштер министри Абдулда Суранчиев түрк улуттук полициясынын өкүлү Саид Эмре Топдемир менен жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки тараптуу жолугушууда КР ички иштер министрлиги менен Түркия улуттук полициясынын ортосундагы байланышты өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. Эң негизги басым эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын биргеликте иш алып баруусуна жасалды. Жолугушуу маалында Топдемири КР министрине Түркия улуттук полициясынын башкы директору Мехмет Кылычлардын атынан салам айтып, жакшы тилектерин билдиргенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД