Синхрондук которуу шаймандарын жаңыртуу зарыл

Шаардык кеңеште синхрондук которуу шаймандарынын жаңыртылышы тууралуу кеп козгошту. Бишкек шаардык кеңеш жыйынындагы орус тилинен кыргызчага синхрондук которуу күнүнө 650 долларга айланат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде, Бишкек кеңешинин сессиясы учурунда мэрия аппаратынын жетекчиси Эрмек Мамыркалиев билдирди.

Анын айтымында, бул суммага которуу үчүн шаймандарды сатып алууга жана котормочулардын кызмат акысы кирет.

"Республика" партиясынан депутат Мирлан Жээнчороев кесиптештерине шаардык кеңеш аппаратынын чыгымдарын арттыргандан көрө, курска жазылууну сунуштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД