Соолуктуруучу жайларды кайра ачуу сунушталды

"Кыргызстанда кайрадан соолуктуруучу жайларды ачуу зарыл", - деген пикирин Тез жардам медициналык кызматынын башкы дарыгери Гульнара Ташибекова, билдирди.

Анын айтымында, үйү жок селсаяктар мас болсо, аларды жайгаштырууга жай жок. Себеби, кышында ачылган баш калкалоочу жайлар эбак жабылган. Ал эми жыл бою иштеген "Коломтого" мас абалындагы кипшилерди кабыл алышпайт.

"Мен дарыгерлерди айыптабайм. Каржылоонун аздыгынан, алардын колунда күндө наристелер чарчап калышууда. Дарыгерлер менен укук коргоочу органдар селсаяктарды кайда алып барышы керек? Кимдин эсебинен дарылашат?", - деген суроону Ташибекова узатты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД