Кыргызстандын өспүрүм бильярдчылары Европа чемпионатына катышышат

Кыргызстандан жаш бильярдчылар балдар жана кыздар арасында өткөрүлүп жаткан эркин пирамида боюнча Европа чемпионатына катышышат.

Спорт мектебинин директору Константин Коробовдун айтымында, чемпионатта Кыргызстандын атынан эки спортчу катышат – Дастан Лепшаков жана Улукман Карагулов.

Чемпионатка 1995-жылы туулган жана андан кичүүлөрүнүн арасынан Европанын эң мыктылары катышат. Өспүрүмдөр арасындагы чемпионат 9-13-апрелге чейин Судаке (Украина) шаарында өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД