Таксистке кол салган үч кылмышкер кармалды

Чүй ШИИБнин милиционерлери таксистке кол салган Сокулуктун үч жашоочусун колго түшүрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басмасөз кызматы билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, март айынын башында күндүз үч жаш жигит аларды Бишкектен Сокулукка жеткирүүсүн суранышкан. Сарбан айылына кире бериш жерден жүргүнчүлөр таксистке кол салышып, коопсуздук куур менен муунта башташкан. Айдоочу эсин жоготкондон кийин, колу бутун таңып, арткы олтургучка ташташкан. Кол салгандардын бири рулга отурган. Бирок автоунаа талаада тыгылып калганына байланыштуу кылмышкерлер алыс кете алышкан эмес.

Жогорудагы факт боюнча "Талоончулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Чүй облусттук ШИИБнин кызматкерлери кол салуунун бардык катышуучуларын табышкан. Үчөө тең Сокулук районунун тургундары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД