Менчик мектепке шаардык бюджеттен акча бөлүнүп келет

СДПК партиясынан депутат Павел Десятников бүгүн, 2-апрелде, шааркеңештин жыйынында, жеке менчик мектеп шаардык бюджеттин эсебинен каржыланып келгенине нааразы болду.

Анын айтымында, шаардык бюджет Герман Гмайнер атындагы жеке менчик мектепке жылына 6 млн сом бөлүп берет. "Биз алардын коммуналдык кызматын жана мектеп мугалимдеринин айлыгын төлөп беребиз. Эмне үчүн биз жеке менчик мектепти кеаржылап келебиз?", - деп нааразы болду.

Бишкектин вице-мэри Айгүл Усубакунованын айтымында, бул мектеп 2009-жылдан бери өкмөт менен түзгөн келишимдин негизинде иштеп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД