Депутаттар Японияны визасыз режимдик мамлекеттер тизмесине киргизүүнү сунушташты

Бүгүн, 2-апрелде, Социалдык саясат боюнча парламенттик комитетинин жыйынында, ТИМдин статс-катчысы Асеин Исаев "Айрым мамлекеттердин жарандарына 90 күндүк визасыз режим киргизүү" мыйзамына кошумчалоо киргизүүнү сунуштады.

Тышкы саясат ведомствосунда визасыз режимине кирген 44 мамлекеттин тизмегине Японияны да киргизүүнү сунуштап жатышат.

Жыйында депутаттар "Визасыз режим киргизилгенден бери канча каржат жоготуп жаткандыгына" кызыгышты. Көрсө, бул режим киргизилгенден бери Кыргызстан жылына 5 млн доллар жоготот экен. Ал эми бул режим кабыл алынгандан бери канча турист келип кеткени ушул жылдын июнь айында гана белгилүү болот. Ошондо мыйзамга кол коюлуп, иштей баштаганына так бир жыл толот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД