Парламентте заказ менен киши өлтүрүүлөрдүн статистикасын маалымдашты

"2013-жылдын башынан бери, Кыргызстанда криминалдык териштирүүнүн натыйжасында тапшырык менен 3 киши өлтүрүү катталган. Ал эми акыркы он жылда ушуга окшош 69 кылмыш катталган", - деп бүгүн, 2-апрелде, кылмыштуулук менен күрөшүү парламенттик комитеттин жыйынында ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөнов билдирди.

Анын айтымында Уюшулган кылмыштуу топтордун иш-аракеттери бир гана талап-тоноо менен чектелбейт. Алар каршылаш топтордун мүчөлөрүнүн, кээ бир учурларда мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн көзүн тазалаганга да барышат. "Буга мисал, жакында эле ИИМдин кылмыштуулук жана заказ менен киши өлтүрүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Толкунбек Шоноевдин 11-январда, үйүнүн жанында өлтүрүлүшү", - деди чиновник.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД