Өкмөт Биринчи канал боюнча жумушчу топ түздү

Өкмөт россиялык Биринчи каналды ретрансляция кылуу маселесин чечүү максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түздү. Бул тууралуу "ВБ"га бүгүн, 2-апрелде, өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Жумушчу топ чечим кабыл алынганга чейин иш алып барат. Биринчи каналдын ретрансляциясы учурда кадимки эле режиминде жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, марттын аягында "Кыргызтелеком" ААКсы каржы министрлигинен расмий кат алган. Анда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынтыгына ылайык, "Биринчи канал. Кыргызстан" программасын ретрансляциялоону каржылоо токтотулаары кабарланган. Демек россиялык каналдын ретрансляциясынын өзү да токтотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД