Цирктин директорун кызматынан бошотууну талап кылышууда

"Кыргызстандын Эл артисти Канатбек Эшимбековдун труппасын адилетсиздик кылып, жумуштан айдап ийишти", - деген нааразычылыгын бүгүн, 2-апрелде, пресс-конференция учурунда цирктин ардагерлери жана артисттери Мыктыбек Бөрүбаев, Сатыбек Койлубаев, Мелис Мамбетказиев жана Аскарбек Жумалиев билдирди.

Цирк ардагеринин айтымында, учурдагы директор Курмангазы Исанаев "циркти кантип өнүктүрөм дегендин ордуна, көбүн эсе артисттерди уруштуруу менен алек". "Эшимбеков кыргыз цирки үчүн абдан көп жасады. Аны дүйнө жүзүндө таланттуу артист катары таанышат. Аны цирктин келечегин ойлобогондор жумушунан айдашты", - деди ардагер.

Ардагерлер цирктин директорун конкурстук негизде тандоону сунушташты.

Эске салсак, Канатбек Эшимбековдун сегиз кишиден турган труппасы 2013-жылдын 13-февралында, "жумушка келбейт" деген негизде ишинен бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД