Кыргызстанда Китеп жылын жарыялоо сунушталды

Кыргызстандын китеп сатуу жана таркатуу ассоциациясы жакынкы жылдардын бирин Китеп жылы деп жарыялоону сунуштап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде, ассоциациянын аткаруу директору Олег Бондаренко кабарлады.

Анын айтымында, бул сунуш китепти жана китеп окууну колдоо Улуттук стратегиясына кириши керек. "Биз бул стратегияны иштеп чыгып жана беш жыл же андан ашык убакытка кабыл алууну сунуштайбыз. Анда китеп басылмаларга карата терс көз караштарды жеңип чыгуу үчүн бир катар маанилүү маселелерди чечүү зарыл", - деди Олег Бондаренко.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД