Ошто "Уш садоси" гезитинин башкы редактору кармалды

Ошто милиция тарабынан "Уш садоси" өзбек тилдүү мамлекеттик гезитинин башкы редактору Махамадсоли Исмаилов кармалды. Маалыматты КР ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады деп, "Азаттык" радиосу билдирди.

Маалыматка караганда, Исмаилов 2010-жылдын июнь окуялары маалында дайынсыз жоголгон жаранды өлтүргөнгө катыштыгы бар делип шектелүүдө. Журналистке карата "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Исмаилов менен биргеликте, Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы Имам-Ата көчөсүндө жашашкан бир канча адам кармалган. Бул маалыматты ИИМ азырынча тастыктай элек. Шарк айылынын тургундары кечээ, 2-апрелде, айылдаштарынын мыйзымсыз кармалгандыктарын айтып, нааразычылык акциясына чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД