Жерүйгө болгон талапкерлердин арыздары 10-майга чейин кабыл алынат

Жерүй алтын кенин иштетүүгө жана анын аянтын иликтөөгө болгон лицензияны алууга карата уюштурулган сынакка катышуу үчүн, талапкерлердин арыздары 10-майга чейин кабыл алынат. Сынак 5-апрелде жарыяланат. Бул тууралуу кечээ, 2-апрелде, "ВБ"де болгон маалымат жыйынында, геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев билдирди.

Анын айтымына караганда, жакынкы жума күнү мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында сынак тууралуу кулактандыруу кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланмакчы.

Чунуев белгилегендей, Кыргызстандагы ири алтын кени чыгуучу жайды, дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйбасы бар компания иштетиши керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД