Таласта жалпы объекттерди курууда баардык нормалар жана талаптар сакталган

"Талас облусу боюнча жалпы объекттерди курууда баардык нормалар жана талаптар сакталган. Эч кандай эреже бузуулар катталган жок", -деп архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жалпы маанидеги объектердин коопсуз абалын текшерүү иштери Талас, Манас, Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунда жана Талас шаарынын өзүндө жүргүзүлгөн.

Аталган агенттиктин директору Каныбек Нарбаевдин тапшырмасы менен диний 81 объект, 6 базар жана башка объекттер текшерилген. Жыйынтыгында эреже бузуулар катталган эмес. Уруксааты бар документтер, архитектуралык инженердик чечим боюнча обьект долбоорунун тууралыгы, санитардык жана өрт коопсуздугу нормаларына жооп бергендиги канааттандыраарлык деп табылды.

Агенттиктин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, учурда Чүй облусунда объектерди текшерүү иши акырына чыгып калды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД