Талиева Аксы окуяларында жабыркаган жарандарды кабыл алды

Кечээ, 2-апрелде, КР вице-премьер-министр Камила Талиева, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Авлетим айылынын 2002-жылкы Аксы окуяларынан жабыркаган тургундарын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө, жабыркаган жарандар социалдык жана медициналык жардамга муктаж экендиктерин билдиришкен. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн айтышты.

Келгендердин өтүнүчүн уккан соң вице-премьер-министр, жабыркагандарга социалдык төлөмдөр өз убагында берилет деп баса белгиледи.

"Жабыркаган жарандардын айрымдары ө з убагында медициналык текшерүүнүн жыйынтыктарын ала алышкан эмес. Мындан улам, майыптыкты алуу боюнча документтер да өз маалында берилбей, жөлөк пул чыкпай калган. Аталган маселе боюнча саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрликтерине тапшырма берилген. Алар маселени карап чыгып, тиешелүү жыйынтык чыгарышы керек", - деди Талиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД