Орус драма театрында колго жасалган буюмдардын көргөзмө -жарманкеси ачылды

2-апрелде Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында колго жасалган буюмдардын кайрымдуулук көргөзмө-жарманкеси ачылды.

Жарманкеде керамика, жүн, жибек, жыгач жана тери жана чыныгы таштардан жасалган буюмдар коюлду. Баардык экспонаттар пенсионерлер, майыптар жана жетим балдардын кол эмгектеринен жаралган. Сатыктан келип түшкөн каражаттын 10 пайызы, "Жашоого болгон укук" Кыргызстандагы жаныбарларды коргоо фондуна которулмакчы.

Белгилей кетсек, мындай көргөзмө жарманкелер буга чейин да уюштурулуп келет. Ага Бишкектин чебер-уздары, өнөр адамдары жана сүрөтчүлөрү катышып турат. Алар каражаттын бир бөлүгүн же толугун жардамга муктаж жарандарга беришет.

Акыркы 4 жыл ичинде мындай көргөзмөлөр 11 жолу уюштурулуп, катышуучулар кайрымдуулук үчүн 200 000 сомго жакын каражат бөлүп берищкен. Аталган жарманке 7-апрелге чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД